Кара-Сууда өлтүрүлүп, жерге көмүлгөн эки адам. Тергөө аяктап, иш сотко өттү

Кара-Сууда эки кишини өлтүрүүгө шектелген жарандардын иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, иш Кара-Суу райондук сотуна өткөрүп берилген.

20-мартта Кара-Сууда бир күндө дайынсыз жоголгон эки кишини өлтүрүүгө шектүүлөр кармалганы маалым болгон. Ош облустук милициясынан билдиришкендей, шектүүлөр Хонда Фит унаасын ижарага алышып, аны менен такси кызматын көрсөткөндөй болуп, адегенде 20 жаштагы Өзбек жаранын, кийин 36 жаштагы Ош шаарынын тургунун унаага салып, жолдон акча талап кылышып, жок деген жоопту уккан соң, муунтуп өлтүрүшүп, кийин көмүп коюшкан. Кылмышка шектелип Өзбекстандын Андижан облусунун 28 жаштагы тургуну жана Сузак районунун 17 жаштагы тургуну кармалышкан.