Кара-Сууда таксист киши колдуу болду. Ал бирөөнүн үйүнө кирген соң жан берген

Ошто таксист киши колдуу болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден билдиришти.

25-февраль күнү саат 21:20 чамасында милицияга кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун Фуркат айылында белгисиз 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, 25-февраль күнү саат 20:31 чамасында Кара-Суу районунун Медресе айылынын тургуну, 37 жаштагы жарандын үйүнө белгисиз жаран жараат алып, оор абалда келгендиги аныкталган. Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталды. Аталган факты боюнча маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Маркумга тиешелүү ак түстөгү Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасы Ош шаарынын Салиева көчөсүндө табылган. Учурда кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.