Кара-Сууда түн ичинде үй өрттөндү

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 02:02де Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 02:30да Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнөн штаб, саат 02:47де Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм, 02:25те Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 02:14тө Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм жана 02:24тө Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган.

Өрт саат 02:59да чектөөгө алынып,саат 08:38де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.