Кара-Сууда уктоочу бөлмөдөн жоголгон 5 жаштагы кыздын талаадагы унаадан табылышы. Атасы окуя тууралуу айтып берди

Кара-Сууда 5 жаштагы кыздын зордукталганы айтылган. Милициядан шектүү кармалганын билдиришкен.

Кыздын атасы Т-Медиага маалымат берген. Нурланбек Абдырахмановдун айтымында, кызын саат таңкы 5 менен 6нын ортосунда намаздан кийин алып чыгып кеткен.

«Үйдө жаткан боюнча көтөрүп кетиптир. Байпагы, бут кийими да жок. Жука көйнөгү бар эле ошол менен кетиптир. «Ата, келе жатат» деп жатат. Коркуп калды да. Азыр кызым ооруп жатат. Дене табы көтөрүлүп чыкты. Башына 2 жолу уруптур. Чекеси көгөрүп калыптыр. Ичи ооруп жатканын айтты», — деди атасы.

Шектүүнү кыздын аяш атасы кармап калган. Шектүү ага унаасы тыгылып калганын айтып, кызы экөө тойдон келе жатканын айткан. Бирок ал кызды таанып калып, ата-энесине кабар берген.

Кечээ, 16-апрелде 100дөй тургун чогулуп, балдарына кооптонуп жатканын билдиришип, кызга медициналык жардам көрсөтпөй, суракка алганына нааразы болушту.