Кара-Сууда уктоочу бөлмөдөн жоголгон 5 жаштагы кыздын талаадагы унаадан табылышы. Башкы прокурор комментарий берди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кара-Суудагы 5 жаштагы кыздын окуясы боюнча комментарий берип жатып, кылмышкердин күнөөсү далилденсе, оор жаза аларын айтты.

«Бүгүнкү күндө «Адам уурдоо» жана «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Шектүү адам бүгүн камакта. Ар бир жашы жете электерге жасалган зомбулуктар менин көзөмөлүмдө. Булардын статьядагы санкциясы дагы эң оор. Күнөөсү далилденсе, эң оор жаза алат», — деди ал.

Кара-Сууда 5 жаштагы кыздын зордукталганы айтылган. Милициядан шектүү кармалганын билдиришкен.

Кыздын атасы Т-Медиага маалымат берген. Нурланбек Абдырахмановдун айтымында, кызын саат таңкы 5 менен 6нын ортосунда намаздан кийин алып чыгып кеткен.

«Үйдө жаткан боюнча көтөрүп кетиптир. Байпагы, бут кийими да жок. Жука көйнөгү бар эле ошол менен кетиптир. «Ата, келе жатат» деп жатат. Коркуп калды да. Азыр кызым ооруп жатат. Дене табы көтөрүлүп чыкты. Башына 2 жолу уруптур. Чекеси көгөрүп калыптыр. Ичи ооруп жатканын айтты», — деген атасы.