Кара-Сууда уктоочу бөлмөдөн жоголгон 5 жаштагы кыздын талаадагы унаадан табылышы. Шектүү соттун чечими менен 2 ай камакта болот.
«Кара-Суу райондук сотунун 17-апрелиндеги токтому менен айыпталуучу 2 айга камакта калтырылды. Ал 15-июнга чейин камакта болот», — деп айтылат маалыматта.
Кара-Сууда 5 жаштагы кыздын зордукталганы айтылган. Милициядан шектүү кармалганын билдиришкен.
- 15-апрель күнү милицияга Ош облусунун 1991-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-апрелде эртең менен 2019-жылы туулган кызы уктап жаткан бөлмөсүндө жок болуп жаткандыгын билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тийиштүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, изделип жаткан кыз Кара-Суу районунун аймагында талаадан бейтааныш жарандын унаасында отурган жеринен табылган.
- Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адамды уурдоо) жана 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары автоунаанын ээси Ош облусунун 1993-жылы туулган тургуну кармалып, камакка алынган.
Кыздын атасы Т-Медиага маалымат берген. Нурланбек Абдырахмановдун айтымында, кызын саат таңкы 5 менен 6нын ортосунда намаздан кийин алып чыгып кеткен.
«Үйдө жаткан боюнча көтөрүп кетиптир. Байпагы, бут кийими да жок. Жука көйнөгү бар эле ошол менен кетиптир. «Ата, келе жатат» деп жатат. Коркуп калды да. Азыр кызым ооруп жатат. Дене табы көтөрүлүп чыкты. Башына 2 жолу уруптур. Чекеси көгөрүп калыптыр. Ичи ооруп жатканын айтты», — деген атасы.