Кара-Сууда уктоочу бөлмөдөн жоголгон 5 жаштагы кыздын талаадагы унаадан табылышы. Шектүүгө сот өкүмү чыкты

Кара-Сууда уктоочу бөлмөдөн жоголгон 5 жаштагы кыз талаадагы унаадан табылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ош облустук соту менен байланышканыбызда, шектүүгө Кара-Суу райондук соту өкүм чыгарганын билдиришти.

«Кара-Суу райондук сотунун 14-августундагы өкүмүнүн негизинде Э. уулу З. Кылмыш-жаза Кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү, 165-беренесинин 4-бөлүгү 1-пункту жана 155-беренесинин 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган.

Э. уулу З. Кылмыш-жаза Кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү менен 2 (эки) жылга, Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренесинин 4-бөлүгү 1-пункту менен мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга, Кылмыш-жаза Кодексинин 155-беренесинин 4-бөлүгү менен мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, Кылмыш-Жаза кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло Э.уулу З. мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган. Жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү кɵрсɵтүлгɵн», — деп айтылат маалыматта.