Кара-Сууда унаадан кыздын сөөгү чыгышы. Шектүү маркум анын экинчи аялы экенин айткан

Буга чейин Бишкек-Ош жолунда милиция кызматкерлери унааны токтотуп, ичинен кыздын жансыз денесин табышканы маалымдалган. Бул окуя тууралуу милициядан окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Каза болгон 30 жаштагы аялдын мойнунда жоолук болгон, аны чечкенде мойнунда кызыл из бар экендиги байкалган. Шектүү катары кармалган 38 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө маркум анын экинчи аялы экендигин айткан. 4-январь күнү алар Ошко бара жатканда Фуркат айылында экөө унаада уруша кетишкен. Эркек киши унааны талаадан токтотуп, оозеки айтышуу кол көтөрүүгө айланып, шектүү жубайынын бетин кыш менен уруп жиберген. Аял кулап түшкөн учурда жолдошу аны жоолугу менен муунта баштаган. Кыймылдабай калган кезде жолдошу жубайын салонго салган. Дал ошол учурда инспекторлор келип калган.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү тергөө изоляторуна киргизилди.