Кара-Сууда унаалардын документин оңдотууну каалаган жаран 9 миң долларга алданып калды

Кара-Сууда ири суммадагы акчасынан кол жууган жаран милицияга кайрылган. Шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Милицияга Шарк айыл аймагынын 1963-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу 24-декабрь күнү Кара-Суу районунун аймагында өзүн “Султан” деп тааныштырган жаран “Корея өлкөсүнөн алып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп берем» деген шылтоо менен 9 миң долларын алып, изин жашырып кеткендигин билдирген. Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө-амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бири нече жолу сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган 1990-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.