Кара-Сууда 26 жаштагы кыз кулап каза болгон «тарзанка» толугу менен алып салынды

Кечээ, 27-мартта Оштун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Даңги участкасында 26 жаштагы кыз кулап, каза тапкан «тарзанка» толугу менен алынды. Бул тууралуу аталган аймактын жаштар комитетинин төрагасы Азамат Кубатбек уулу жергиликтүү басылмаларга билдирди.

Билдирүүгө ылайык, «тарзанканы» салып, курган жеке ишкер өз каалоосу менен алып салган.

«Арыздын негизинде курулуштун ээси өз каалоосу менен бузуп алып кетти. Ага Төлөйкөн айылынын аксакалдары, эл башы, жаштары жана тиешелүү орган кызматкерлери катышты», — деп билдирген Азамат Кубатбек уулу. 

Белгилей кетсек, 25-мартта болжол менен саат 17:45 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында 26 жаштагы кыз зоодон кулап каза болгон. Анда кыз кулаган учур видео тасмага тартылып калып, кыз бутка жип байлап атайын секирүү үчүн курулган «тарзанка» аттракционунан кулап, набыт болгон.