Кара-Суудагы базардын директору кармалып, үйүндө тинтүү жүрдү. Эмнелер табылды?

УКМК «Туратали» аталышында Кара-Суу базарынын аймагында жайгашкан жеке ишкер «Жээнбеков» базарынын директорунун кармалган фактысы боюнча маалымат берди

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Суудагы «Туратали» базарынын аймагында дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды.

Жеке ишкер Ж.К.Ш. кызмат абалынан пайдаланып, «контейнерди бузуп салам» деп коркутуу жолу менен ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң долларга чейин акча талап кылган. Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, мыйзамсыз талап кылынган сумманы ага которууга аргасыз болушкан.

24-январда мыйзамсыз талап кылынган 5 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын которгондон кийин жеке ишкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Анын жашаган жеринен тинтүү учурунда 135 миң 600 доллар, 1 миллион 113 миң 800 сом акча каражаты, алтын буюмдар (сөйкө, шакек), Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 килограмм болгон 10 даана алтын куймалары жана 2017-жылы чыгарылган унаасы табылган.