Кара-Суудагы базардын директору үй камагына чыкты

Кара-Суудагы базардын директору үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим 19-мартта Ош шаардык сотунда чыгарылган. Ал 23-апрелге чейин үй камагында болот. Буга чейин УКМК Кара-Суудагы «Туратали» базарынын аймагында дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталганын билдирген.

Жеке ишкер кызмат абалынан пайдаланып, «контейнерди бузуп салам» деп коркутуу жолу менен ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң долларга чейин акча талап кылган. Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, мыйзамсыз талап кылынган сумманы ага которууга аргасыз болушкан. 24-январда мыйзамсыз талап кылынган 5 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын которгондон кийин жеке ишкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Анын жашаган жеринен тинтүү учурунда 135 миң 600 доллар, 1 миллион 113 миң 800 сом акча каражаты, алтын буюмдар (сөйкө, шакек), Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 килограмм болгон 10 даана алтын куймалары жана 2017-жылы чыгарылган унаасы табылган.