Кара-Суудагы куралдуу каракчылык. 114 миң доллардын дайыны жок болуп жатат

Кара-Суу шаарында каракчылык учурунда уурдалган акча каражатын жоготуу фактысы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, кеп 114 миң 500 доллар боюнча болуп жатат. Бул акчаны шектүүлөр жеке ишкерден каракташкан. Кылмышка шектүүлөр кармалып, куралдар алынган, бирок акча болгон эмес. Жерине барган талдоочулар акча күйүп кеткенин болжолдошкон. Бирок далил табылган эмес. Тергөө иштери уланып жатат.

13-декабрь күнү саат 10:00 чамасында Нурахунов көчөсүндө белгисиз үлгүдөгү унаа күйүп жатканын аталган жерде кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн милиция кызматкерлери көрүп, унаанын жанына барган учурда ошол жерде турган адамдар «тоноп кетти» деп 20-25 жаштагы 3 эркек кишини көрсөтүшкөн. Ыкчам кызматкерлер аларды кармаганга аракет жасаган учурда каршылык көрсөтүп, ок атуучу курал менен кол салышкан. Кызматкерлер шектүүгө карата самбо ыкмасын колдонуп, аны жерге жыгылтып, ок атуучу куралды алышкан. Тергөө учурунда Ош шаарынын тургуну — 1982-жылы туулган жаран шериги менен бирге Хонда Жазз үлгүсүндөгү унаа менен Кытай жаранына тиешелүү болгон 109 миң долларды жана өздөрүнүн 5 миң 250 долларын дагы бир жаранга жеткирүү максатында Кара-Суу шаарында жогорудагы унаа менен бара жаткан учурда аларга карама-каршы жол тилкесинде келе жаткан Дэу Лачетти үлгүсүндөгү унаасы алардын унаасынын капталына сүзүп, жол четиндеги арыкка түшүрүп, токтотушкан. Андан соң унаадан медициналык бет кап кийген, белгисиз 3 адам түшүп, ок атуучу куралдары менен унаанын алдына келип, ичинде отурган жарандын оң бутуна пневматикалык тапанча менен бир жолу атып, мындан тышкары аны уруп, акча каражаттарын карактап алышып, өздөрү айдап келген унаа менен окуя болгон жерден качып бара жаткан учурда Кара-Суу шаарынын Алишер Навои көчөсүнө жеткен мезгилде белгисиз себептерден улам Дэу Лачетти унаасы күйүп кеткен. 14-декабрда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.