Кара-Суудагы куралдуу каракчылыкта жоголгон 114 миң доллар табылган жок. Тергөө аяктады

Кара-Суудагы куралдуу каракчылык боюнча тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлдү. Жоголгон 114 миң доллар табылган жок. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден тастыкташты.

13-декабрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында курал менен каракчылык катталып, анда үч мурда соттолгон жарандар кармалган. Кийин кол салуу болгон унаада Кытай жаранына таандык 114 миң доллардын тегерегинде акча болгондугу маалым болгон. Буга удаа эле акчанын дайынсыз жоголгону айтылып, ал факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы билдирилген. Милиция жоголгон 114 миң долларды милиция кызматкерлери алып коюшкан деген маалымат калп экенин да айткан.