Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, жаран М.С. 2014-жылдан азыркы күнгө чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн жана Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери жана жеке тараптар менен биргеликте кандайдыр-бир материалдык кызыкчылыктарды алуу максатын көздөшүп, кылмыштуу пландарын негиздешкен.
Алынган маалымат боюнча, жогоруда көрсөтүлгөндөр мамлекетке тиешелүү болгон калктын социалдык керектелүүчү жер тилкелерин жана социалдык мекемелерин мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарышып, мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтиришкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Жаранга айыбы сырттан угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү ыкчам-издөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен бул кылмыш ишине катыштыгы бар тараптарды аныктап, алардын аракеттерине укуктук баа берилет. Айыпталуучу М.С. Орусиянын аймагынан кармалган. Бүгүн, ал 7-августта Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинди.
Айыпталуучу мурда соттолгон жана башка кылмыш иштерди жасаганы үчүн шектелүүдө.