Кара-Суудагы медреседен өрт чыкты

Кечээ, 27-мартта кечки саат 10 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Анжиян айылында жайгашкан медреседен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрттөн улам медресенин эки кабат окуу корпусунун шыбы жана 156 чарчы метр чатыры толук бойдон күйүп кеткен. Мындан улам кырсыкка өрткө каршы 3 бөлүм жана 15 милиция кызматкери, электр жумушчуларынан бир бригада тартылган.

Тилсиз жоодон жабыркаган адамдар жок. Чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.