Кара-Суудагы окуучунун өлүмүнө шектүү кармалды

Кечээ, 12-февралда Кара-Суу РИИБге Манас айыл аймагындагы Каратай айылында жайгашкан орто мектебинин алдында 9-классынын окуучусун 2007-жылы туулган бала ур-токмокко алып, алган жаракатынан улам окуучу каза болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя боюнча териштирүү учурунда, күбөлөрдүн маалыматына ылайык, № 39 орто мектебинин окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Натыйжада  9-класстын окуучусу ур-токмоко кабылып, эсин жоготуп кулап калгандыгы маалым болгон. Кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган Р.Н. аттуу өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты каттоого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аталган иш боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден-соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө кызматы тарабынан окуянын чоо-жайын тактоо, ар тараптуу терең иликтөө боюнча тиешелүү иштер алынып барылууда.