Кара-Суудагы өткөрмө бекетте таксисттен акча опузалап жүргөндөр кармалды

Кара-Сууда жарандардан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

19-март күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Ош облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда март айынын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кара-Суу районунун “Достук” чек ара өткөрмө бекетинде такси кызматын көрсөтүп жүргөн убакта бейтааныш жаран ага карата зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, опузалап акча каражатын талап кылып жүргөндүгүн билдирген. Бул факты каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде 25-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жарандарды системалык түрдө опузалап, коркутуп акча талап кылып жүргөн, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү башында турган кылмыштуу топтун иш-аракеттери байкалган. 11-апрель күнү Ош шаарынын 6 тургуну кармалып, камакка алынган.