Кара-Суунун акими кармалды. Окуянын чоо-жайы

Кара-Суу районунун акими ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ынтымак айыл аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, участокторду бөлүштүрүү учурундагы мыйзамсыз иш-аракеттерге Кара-Суу районунун акиминин катыштыгы бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган аким коргоп жана жардам көрсөткөндүгү үчүн айыл өкмөт башчыларынын биринен өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алгандыгы аныкталды. Ал УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына суракка чакырылып, жыйынтыгында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ош шаардык соту тарабынан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасын тандаган.