Каракчылыкка, майнинг-ферма түзүүгө жана мүлккө зыян келтирүүгө шектелгендер кармалды (видео)

Алдамчылык же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу, каракчылык жана майнинг-фермасы аркылуу мүлктүк зыян келтирүүгө шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

25-августта Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө шаардын тургуну кайрылган. Анын айтымында, жаран 2018-жылдан бери Кожомкул көчөсүндөгү жеке үйүн 1600 долларга ижарага алып келген. Бирок 400 доллар акчаны төлөбөстөн, жаран ал жерден көчүп кеткен. Бул жерге келген үйдүн ээлери дубалдар тешилип, эмеректер сынып, сыналгы, сүрөттөр, теннис столу жана килемдер жок экенин көрүшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы аныкталууда. Бул факты Жазык кодексинин 209-беренеси (Алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бишкек ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Нарын облусуна барышкан, ал жерден 4 жаран тарабынан Кожомкул көчөсүндөгү үйгө каракчылык кол салуу жасалгандыгы тууралуу белгилүү болгон. Бул факты дагы Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери жана Нарын шаарындагы кесиптештери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999, 1995, 2001, 1999, 1998, 1999-жылы туулган жигиттер кармалды. Мындан сырткары, кармалгандардын унааларын текшерүү учурунда милиция кызматкерлери номерлери өчүрүлгөн Калашников автоматын (АК-74) жана желим, жыгач туткалуу бычактарды табышкан. Ошондой эле, шектүүлөрдүн Нарындын Кара-Чий айылындагы үйлөрүнөн төмөндөгүлөр табылган:

— майнинг-ферма үчүн 135 аппарат ;

— вай-фай интернети үчүн 2 роутер;

— 6 хаб;

— 56 электр узартуу зымдары;

— сары капталган кабелдер;