Каракол-Эңилчек жолунда бара жаткан Ниваны кар көчкү сайга сүрүп түшүргөн (видео)

Кечээ, 22-декабрда саат 17:00 чамасында Каракол-Эңилчек жолунун 81-82-чакырымдарында кар көчкү жүрүп, бара жаткан унааны жолдон сайга сүрүп түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Ак-Суу райондук ӨКБнын 4 офицери авариялык куткаруу унаасы менен жөнөтүлгөн. Куткаруучулар Чоң-Ашуу ашуусуна барган учурда, тоодон болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшүп, анын 400 метр кубу жолду каптаган бара жаткан Нива үлгүсүндөгү унааны ашуудагы жолдон сүрүп түшкөнү аныкталган.

Бактыга жараша унаанын ичиндеги жаран катуу жабыркаган эмес, куткаруучулар барган учурда жабыркаган жаранды окуяга күбө болгондор унаадан чыгарып оруканага жеткиришкен. Учурда анын абалы жакшы, оор жаракат алган эмес. Каракол-Эңилчек жолундагы кар көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылган.