Караколдо 16 жаштагы кыз 5-кабаттан боюн таштады

Караколдо 16 жаштагы кыз 5-кабаттан боюн таштады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 13-декабрда саат 23:10 чамасында Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө облустук ооруканадан чалуу түшкөн. Анда кыздын 5-кабаттан боюн таштап, алган жаракатынан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы айтылган. Факты Каракол ШИИБге катталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кыздын 16 жашта экени аныкталган. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.