Караколдо 16 жаштагы өспүрүм «Кыргызтелекомго» 100 миң сомдук чыгым алып келди

Каракол шаарында «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомго тандык кабелдерин уурдоого шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-февраль күнү Каракол ШИИБге «Кыргызтелеком» ААКтын Ысык-Көл облустук филиалынан арыз түшүп, шаардын аймагында байланыш кабелдер уурдалып жаткандыгы маалымдалган. Алардын маалыматы боюнча, 3-февралда белгисиз адамдар узундугу 7,5 метрди түзгөн ТПП 20х2 үлгүсүндөгү кабелди Аманбаев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинен кесип уурдап кеткендиги билдирилген. Материалдык зыян 5000 сомдон ашык түзгөн. Аталган факты Каракол ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталып, колго түшүрүлгөн. Ал 16 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыкты жана анын үйүнөн далил зат катары темир секатор, күйүп калган түрдөгү жез зымдар жана кабелдер алынды. Шектүү жаранды сурак жүргүзгөндө, баш-аягы 14 уурулук фактысын жасагандыгы боюнча өз күнөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, уурдалган кебелдерден жез зымдарын алып, аны түстүү металдарды кабыл алуу жайларына өткөрүп, түшкөн акчаны өз керегине жумшап жүргөн. «Кыргызтелеком» ААКтын Ысык-Көл облустук филиалынын эсеби боюнча, 14 уурулуктун фактысынын кесепетинен мекемеге 100 миң сомго жакын зыян келтирилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.