Караколдо 31 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Шектүү колго түшүрүлдү

12-ноябрь күнү милицияга Тез жардам кызматынан билдирүү түшүп, анда Каракол шаарында белгисиз адам бычакталып өлтүрүлгөнү айтылган. Аталган маалымат боюнча адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Билдирүүнүн негизинде, аталган дарекке Каракол ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган учурда белгисиз 30-35 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Териштирүү учурунда, маркумдун аты-жөнү аныкталып ал Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын 31 жаштагы тургуну экени аныкталган.

Кылмышка шектүү аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал Каракол шаарынын 1988-жылы туулган тургуну болуп чыккан. Алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө амалдары уланууда.