Караколдо 43 жаштагы жарандын өлүмүнө кайниси шектелүүдө

Караколдогу уруш, адам өлтүрүү менен аяктады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан жашы болжол менен 40-45 жаштагы адам денесинен залака алганын жана эсине келбей каза болгондугу жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Каракол ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган жана соттук медициналык экспертиза дайындалган. Анын корутундусу, ден соолукка оор зыян келтирүүдөн каза болгондугун тастыктаган.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, каза болгон адамдын өздүгү аныкталган. Ал Каракол шаарынын 43 жаштагы тургуну болуп чыкты. Андан аркы иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү адам да аныкталды. Ал каза болгон адамдын 30 жаштагы кайниси болуп чыгып, алгачкы суракта өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Анын айтымында, кечке жуук дүкөнгө кирип, ал жерден жездесин жолуктурган. Дүкөндөн спирт ичимдиктерин сатып алышып, аны тыштан ичишет. Кызып калганда, алардын ортосунда уруш чыгып кеткендиктен, жездесин сабап, кетип калгандыгын билдирген.

Шектүү жаранга карата шаардык соттун чечими менен камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.