Караколдо 47 жаштагы «Йакын-Инкар» агымынын мүчөсү диний көз карашынан баш тартты

Каракол шаарында «Йакын-Инкар» агымынын активдүү мүчөсү диний ишениминен баш тартты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ысык-Көл ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, облустук казыятынын жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте, исламдын чыныгы баалуулуктарын билбестиктен, же болбосо үгүтчүлөрдүн таасири менен «Йакын-Инкар» диний экстремисттик агымына мүчө болуп калган жарандардын арасында активдүү алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө. Аталган, «Йакын-Инкар» диний агымынын ишмердүүлүгү Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, аларга үгүт иштерин жүргүзүүгө тыю салынган.

Ушундай профилактикалык иш чаранын жүрүшүндө, «Йакын-Инкар» диний агымынын активдүү мүчөсү болуп эсептелинген Каракол шаарынын 47 жаштагы тургуну аталган уюмунун диний көз карашынан баш тартты. Ал жаран мындай кадамга түшүндүрүү иштеринин негизинде өз эрки менен барганын билдирди.

Ысык-Көл ОИИБ тарабынан, Кыргызстанда тыю салынган диний экстремисттик уюмдарынын мүчөлөрү арасында түшүндүрүү иштери системалуу багытта уюштурулуп, турмушка ашырылып келүүдө.