Караколдо 6 жашар кызды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Караколдо 6 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул туууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-мартта болжол менен саат 9.30 чамаларында Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан чалышып, жол кырсыгынан улам 6 жашар кыз ар кандай жаракаттар менен травматология бөлүмүнө түшкөнүн кабарлашкан.

Кыздын энесинен жана жол кырсыгынын күбөлөрүнөн сураштырганда Каракол шаарынын Масалиев жана Нургазиев көчөлөрүнүн кесилишинен ак түстөгү «Фольксваген» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун четинде бара жаткан кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткени белгилүү болгон

Ошол замат Каракол шаарында «Колго түшүрүү» иш мерчеми киргизилет. Кылмыштын изи сууй электе «Фольксваген-Венто» автоунаасынын айдоочусу Түп районунун Талды-Суу айылынан кармалат. Ал Ак-Суу районунун Жолколот айылынын 24 жаштагы тургуну К.А. болуп чыгып, алгачкы суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алат.

Ал автоунааны таанышынан сурап алып, Жүргүзүлгөн алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жол кырсыгына шектүү адам, таанышынан автоунаасын сурап алгандан кийин Каракол шаарына келип, ал жерден жолдун четинде бара жаткан кичинекей кызды сүзүп алган. Кырсык болгон жерден качып кетип, автоунааны ээсине тапшыруу үчүн Талды-Суу айылына келген.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.