Караколдо 7 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду

Кечээ, 27-май күнү саат 21:50 чамасында Каракол шаарынын Пржевальский менен Кузбасский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнүн үстүнөн 7 жаштагы бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Каракол шаардык куткаруу бөлүмүнөн куткаруучу тартылып, саат 22:10 баланын жансыз денесин табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.