Караколдо айдоочулук күбөлүк алып берем деп, 5 миң сомдон алып жүргөн жаран кармалды

Каракол шаарында алдамчылыктын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Милицияга «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жанынан белгисиз жаран айдоочулук күбөлүктөрдү алууга жардам берем деп, автомектептердин ар бир курсантынан 5 миң сом акча каражаттарын алып, убадасын аткарбай изин жашырып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, шектүү күнөсүн толугу менен мойнуна алып, алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары кармалган Каракол шаарынын 32 жаштагы тургуну алдамчылыктын беш учуруна катыштыгы бар экенин аныкташты. Учурда шектүүнүн башка ушундай кылмыштарга бар же жоктугу текшерилүүдө.