Караколдо аял милиция кызматкерлери сабаганын айтты. Милиция окуя боюнча үн катты

Жергиликтүү ЖМКлар Каракол шаарынын тургуну Елена Калмыкова Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан сабалганын айтканын жазып чыгышты. Ал аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, прокуратурага арыз жазган.

Жабырлануучунун айтымында, дарыгерлер ага баш мээси чайкалган жана анын денесинде көптөгөн көгала тактар ​​бар деген диагноз коюшкан. 

Елена окуя бир күн мурун Каракол шаарындагы кафелердин биринде болгонун айткан. Ал официант менен урушуп кеткен. Ал администраторго арызданган. Администратор милицига кайрылган. «Алар мени уккан да жок. Мени байлап, бөлүмгө алып барышты да, сабап салышты. Айтмакчы, администратор анын да, кафенин кызматкерлеринин да мага эч кандай дооматы жок экенин айтып, арыз жазган», — деп белгилеген Елена Калмыкова. Азыр аял клиникада. Дарыгерлер анын абалын орточо деп баалашкаг.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.

«6-октябрда Каракол ШИИБге болжолдуу саат 22:00 чамасында 34 жаштагы Каракол шаарынын тургунунан чалуу түшкөн. Анда «Шашлычный двор» кафесинде белгисиз ал киши аны мас абалында сөгүп, ызы-чуу чыгарганын айткан. Аталган факты боюнча жерине милиция барып, анын 34 жаштагы Караколдун тургуну экенин аныкташкан. Анын мас абалында экендиги медициналык жактан тастыкталган. Чалган жаран да, аял киши да бөлүмгө жеткирилген. Көрсөтмө берүү учурунда кайрадан экөө уруша кетишкенинен, экөөнү эки бөлмөгө бөлүшкөн. Бирок аял сөгүнгөнүн улантып, столдун үстүндө турган милициянын Айфон телефонун жерге чаап жиберген. Телефондун экраны иштебей калган. Ал факты да журналга катталган. Кийин аял ата-энеси менен үйүнө жөнөтүлгөн. 7-октябрда Каракол ШИИБге ооруканадан ошол эле аял киши денесинен жаракат алып түшкөнү маалымдалган. Ошол эле күнү аял милиция тарабынан сабалганын айтып, прокуратурага арыз жазган. Учурда ишти прокуратура карап жатат»,- дешти.