Караколдо «Бугу» жана «Макиш» базарынын ээси кармалып, базар мамлекетке өттү

Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарларынын ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси кармалды. Кармалган жаран узак мезгил аралыгында көрсөтүлгөн соода-базарларда иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө каржылык ишмердүүлүктө көптөгөн мыйзам бузуулар такталып, анын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ыктыярдуу турдө Каракол мэриясынын балансына аянты 1,14 гектар, наркы 233 миллион сомдон ашык «Макиш» жана «Бугу» соода базарлары өткөрүлүп берилди.