Караколдо бычакталып, өлтүрүлгөн келин. Жубайлардын ортосунда 3 баласы бар

Караколдо бычакталып өлтүрүлгөн келин менен учурда ооруканада оор абалда жаткан жолдошунун ортосунда 3 баласы бар. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Ал арада редакцияга окуянын күбөлөрү жазып, окуя соода борбордогу оюн-зоок аянтчасында ойноп жүргөн балдардын көзүнчө болгонун, келин менен анын жолдошу жалгыз жолукпаганын, алардын жанында туугандары болгонун билдиришти. Бул маалыматтарды тергөөнүн купуялуулугу деп милициядан ырастап беришкен жок.