Караколдо бычакталып, өлтүрүлгөн келин. Тергөө аяктап, иш сотко өттү

9-ноябрда милицияга Каракол шаарында жайгашкан «Кумтөр» соода борборунда эркек киши аял кишини бычактап салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алгачкы маалымат боюнча, 1987-жылы туулган киши 1992-жылы төрөлгөн келинчеги менен ажырашып жүргөндүктөн, өз ара сүйлөшүү үчүн соода борборунда кездешкен. Сүйлөшүү учурунда ортосунда өз ара келишпестик чыгып, анын кесепетинде күйөөсү келинчегин жана өзүн бычак менен сайып жиберген. Келин алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон, күйөөсү алган жаракаты менен ооруканага жеткирилген.

Бүгүн, 19-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан иш боюнча тергөө аяктап, иш сотко өткөнүн тастыкташты.