Караколдо бычакталып, өлтүрүлгөн келиндин атасы: «Күйөө баламдын бычак шилтегенин көрүп, канды токтотконго аракет кылдым»

9-ноябрда милицияга Каракол шаарында жайгашкан «Кумтөр» соода борборунда эркек киши аял кишини бычактап салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алгачкы маалымат боюнча, 1987-жылы туулган киши 1992-жылы төрөлгөн келинчеги менен ажырашып жүргөндүктөн, өз ара сүйлөшүү үчүн соода борборунда кездешкен. Сүйлөшүү учурунда ортосунда өз ара келишпестик чыгып, анын кесепетинде күйөөсү келинчегин жана өзүн бычак менен сайып жиберген. Келин алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон, күйөөсү алган жаракаты менен ооруканага жеткирилген.

Ал арада редакцияга окуянын күбөлөрү жазып, окуя соода борбордогу оюн-зоок аянтчасында ойноп жүргөн балдардын көзүнчө болгонун, келин менен анын жолдошу жалгыз жолукпаганын, алардын жанында туугандары болгонун билдиришти. Бул маалыматтарды тергөөнүн купуялуулугу деп милициядан ырастап беришкен эмес. Жубайлардын ортосунда 3 баласы бар. 

«Азаттыкка» маркумдун атасы окуя болгон күндү айтып берди. «Өзүбүздүн кызыбызды өзүбүздүн көз алдыбызда сабаган. Ошондон кийин алып калганбыз. Ага чейин да көп чатактар болуптур, аны кийин угуп жатпайбызбы. Ошол күнү ЦУМдун 2-кабатында балдар ойноочу аянтчага чакырып, ошол жакка бардык. Күйөө бала деле ошол жерде экен. Анан үстүнкү кабатка чыгып эле ошол жерде карап турсак жаман окуя болуп кетти. Мен күйөө баламдын кескенин көрдүм, бирок кызымды кесип жатканын байкабай калыптырмын. Чуркап бардым. Колумдан келишинче канды токтотконго аракет кылдым. Кеч болуп калыптыр», — деди атасы.