Каракол шаарында стадиондун аймагынан 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, 30-октябрда саат 12:30 чамасында милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, анын 13 жаштагы уулу эртең менен сабакка кетип, кайрылып келбегенин айткан. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Кийинчерээк тургундардан шаардык стадиондун жанынан 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан жашы жете элек баланын жансыз денесин табышканы тууралуу маалымат түшкөн. Маркум изделип жаткан өспүрүм экени такталды.
Бул факты дагы Каракол ШИИБге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Баланын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөө иштери жүрүп жатат.