Караколдо жаш жигит милицияга сабалган, кийими жок абалда барган. Шектүүлөрдүн арасында аял киши бар

Караколдо үч адам 23 жаштагы жигитти сабап, тоноп кетүүгө шектелип жатат. Алардын арасында аял киши да бар. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-июль күнү Каракол ШИИБге сабалган жигит келип, аны белгисиз жарандар тоноп кетишкенин билдирген. 23 жаштагы арыз ээсинин айтымында, ал саат 09:00 чамасында «Кумтөр» соода борборунун жанындагы сквер менен келе жаткан. Ошол маалда белгисиз үч жаран кол салып, баш тушка бир нече жолу уруп жиберишкен. Эсин жоготуп жатып калганда, кол салгандар анын уюлдук телефонун, 600 сом өлчөмүндө акча каражатын жана кийип жүргөн кийимин тартып алышканын айтып берген.

Аталган факты Каракол ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылынын 30 жаштагы, Каракол шаарынын 28 жаштагы (аял киши), 31 жаштагы тургундары аныкталган. Суракта үчөө тең күнөөсүн моюндарына алышта жана алардан далил зат катары жабырлануучунун уюлдук телефону жана кийимдери алынды. Шаардык соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, кылмышка шектүүлөр Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.