Караколдо жаш журналист кыздын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 12-январга караган түнү болжол менен түнкү саат 12:00дө Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына “Тез жардам”  кызматынан маалымат келип түшкөн.

«1991-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну өзүнүн сарайында асынган абалда табылган. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынты күтүлүп жатат», — деп Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жансыз денеси табылган маркумдун облустук телеканалда кабарчы болуп иштеп келгени айтылууда.