Караколдо жолдошу жубайын компьютердин монитору менен сабаган

Караколдо жолдошу 40 жаштагы жубайын компьютердин монитору менен сабаган. Бул тууралуу Х (Twitter) социалдык тармагында укук коргоочу Камиль Рузиев жазды. Анын айтымында, жабырлануучу дүкөндө иштейт. Күйөөсү анын иш жерине келип, өлтүрөм деп коркутуп, бир нече жолу монитор менен урган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда, аялга коргоо ордери берилгенин билдиришти. «16-ноябрда Каракол ШИИБге шаардагы үйлөрдүн биринде ызы-чуу болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция дүкөндө 1983-жылы туулган аял менен 1976-жылы туулган күйөөсү уруша кеткенин аныктаган. Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалып, коргоо ордери берилген. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү жүрүп жатат», — дешти.