Караколдо жолдошу менен сүйлөшүүгө барган келин бычакталып өлтүрүлдү

Кечээ, 9-ноябрь күнү саат 17:19 чамасында милицияга Каракол шаарында жайгашкан «Кумтөр» соода борборунда эркек киши аял кишини бычактап салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Аталган маалымат Каракол ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин тергөө-ыкчам топтору жөнөтүлгөн.

Алгачкы маалымат боюнча, 1987-жылы туулган киши 1992-жылы төрөлгөн келинчеги менен соода борборунда ажырашып жүргөндүктөн, өз ара сүйлөшүү үчүн кездешкен. Сүйлөшүү учурунда ортосунда өз ара келишпестик чыгып, анын кесепетинде күйөөсү келинчегин жана өзүн бычак менен сайып жиберген. Кесепетинен келин алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон, күйөөсү алган жаракаты менен ооруканага жеткирилди. Учурда териштирүү иштери уланууда.