Караколдо жөө жүргүнчүнү сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды

Караколдо жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

3-март күнү саат 20:00 чамасында Каракол шаарынын Карасаев жана Шапак Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу жолдон өтүп бара жаткан Каракол шаарынын тургуну 2008-жылы туулган Э.К. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен белгисиз айдоочуну табуу максатында облус аймагында атайын “Колго түшүрүү” иш-мерчеми жарыяланып, ар бир шаар райондорго күзөттөр коюлуп, ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, көрүлгөн иш чаралардын негизинде, Каракол шаардык ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыш иши изи сууй электе, кылмышка шектүү катары ВАЗ 231099 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2004-жылы туулган жаран кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп берилди. Ал эми унаасы айып короо жайына токтотулду.