Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Айзат Үсөнбаева күйөөсүнүн жакындары коркутуп жатканын айтууда. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин ал Каракол ШИИБдин СИЗОсунда жаткан күйөөсү дагы эле телефон чалып, өзүнө жана балдарын тилдеп, тосмо арыз жазууну талап кылып жатканын айткан. «Мен милицияга арыз жаздым. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, Каракол шаарынын прокурору жана РИИБдин башчысы бул ишти жеке көзөмөлүнө алышкан. Шектүүнүн камерасы тинтүүгө алынган. Ал өзү болсо сотко алып баратканда бир гана жолу телефон чалганын айтууда. Бирок мен Айзаттын телефонунан чыккан кагазды бердим, андан улам ал такай чалып турат экен. Тинтүү учурунда анын жанынан телефон табылбаганы абдан кызык. Айыпталуучунун эжеси да коркутуп телефон чалып жатат», — деди Камил Рузиев.
15-майда социалдык тармактарда укук коргоочу Камил Рузиев маалымат таратып, Каракол шаарынын тургуну жолдошу тарабынан дагы сабалып, оор абалда ооруканага жаткырылганын, милиция кылмышка шектүүнү камакка албай жатканын жазып чыккан. Анын айтымында, жабырлануучунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден маалымат чындыкка дал келберин, кылмышка шектүү катары анын жолдошу кармалып, камакка алынганын билдиришкен.