Караколдо көгала болуп сабалган келин милицияга арыз жазды

Караколдо көгала болуп сабалган келин милицияга арыз жазды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

«Кылмыш иши ооруканадан маалымат түшкөндөн кийин козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу арыз жазган. Жазык кодексинин талабына ылайык, бул жеке айыптоо жабырлануучунун арызы боюнча гана козголот, ал эми текшерүү учурунда жабырлануучу арыз менен кайрылган, ал эми даттануу реестрге катталган»,— деп айтылат маалыматта. 

15-майда социалдык тармактарда укук коргоочу Камил Рузиев маалымат таратып, Каракол шаарынын тургуну жолдошу тарабынан дагы сабалып, оор абалда ооруканага жаткырылганын, милиция кылмышка шектүүнү камакка албай жатканын жазып чыккан. Анын айтымында, жабырлануучунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден маалымат чындыкка дал келберин, кылмышка шектүү катары анын жолдошу кармалып, камакка алынганын билдиришкен.