Караколдо лыжаларды ижарага берүүчү жай өрттөндү (сүрөт)

Кечээ, 6-февраль күнү саат 12:12де Каракол шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан лыжаларды ижарага берүүчү жайдан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине саат 12:13дө эки күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 12:35те чектөөгө алынып, саат 13:03дө толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.