Караколдо окуучу балдар мушташып, бири оор абалда ооруканага түштү

Кечээ, 9-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мектеп окуучулары мушташып, бир окуучу оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Дарыгерлер жабырлануучунун баш сөөгү сынганын жана учурда анын абалы оор экенин билдиришти.

«Өспүрүм Кашка-Суу кичи районунда теңтуштары менен футбол ойноп жаткан кезде белгисиз балдар келип чакырып кеткен. Сүйлөшүү учурунда аны чакырган бейтааныш балдардын бири ыргыткан таш баланын башына тийген«, — деди Сталбек Усубакунов.

Бул факты Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Иликтөө иштеринин натыйжасында 10-апрель күнү Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын бир нече тургундары шектүү катары кармалды. Алар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө уланууда.