Караколдо сойкукананын ээси кармалды

Каракол шаарында сойкулук үчүн жайды уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде акча үчүн интимдик кызмат көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, шаардык милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин көмөктөшүүсү менен сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайды уюштурууга шектелип 30 жаштагы жаран кармалган. Батирди тинтүү учурунда мыйзамсыз аракеттерди көрсөткөн ар кандай буюмдар табылган. Учурда тергөө амалдары уланууда.