Караколдо тоноого шектүү катары 19 жаштагы 2 жигит кармалды

Каракол шаарында тооночулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Июнь айынын ортосунда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Теплоключенка айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 24-апрелде шаардагы сейил бакта аны эки чала тааныш жигит коркутуп, Айфон 13 уюлдук телефонун тартып алышкан. 14-июнда ошол эле балдар коркутуу жолу менен Редми телефонун тартып алышкан. Материалдык чыгым 75 миң 500 сомду түзгөн.

Арыз Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталган. Алар Каракол шаарынын 19 жаштагы тургундары экени аныкталган.

Шаардык соттун чечими менен шектүүлөргө карата тергөө иш-чараларын жүргүзүү мезгилинде эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.