Караколдо тротуар курууга бөлүнгөн акчаны «жеп» коюшкан. Шектүүлөрдүн бири кармалды

Каракол шаарынын тротуарларын жана арыктарын курууга бөлүнгөн акчаны ортодон «жеп кеткен» шылуундар аныкталды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, И.А. жана З.А. аттуу жарандар башка ишкананын атын колдонуп, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун балансынан акча уурдоону уюштурушкан.  Алар «З.П.» аттуу компаниянын директорунун ишенимине кирип, андан соң каржылык махинация жасашкан. 2016-жылы Каракол шаарында тротуарларды жана арыктарды курууга тендер өткөрүлүп, анын жыйынтыгында «З.П.» компаниясы жеңүүчү болгон. Ысык-Көл өнүктүрүү фонду жеңүүчү компаниянын эсебине 7 миллион сом которуп берген. Бул каражат андан ары «З.П.» компаниясына караштуу башка компанияга (дочерняя компания) которулган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, акча которулган компаниянын башчысы И.А. келишимди бузуп, «З.П.» компаниясынын директоруна айтпастан, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду менен башка келишим түзгөн. Ошол эле учурда ал келишимге өзүнүн атынан эмес, «З.П.» компаниясынын директорунун атынан кол койгон. Келишимде айтылган жерлерде курулуш иштери ушул күнгө чейин жүргүзүлгөн эмес, жөн гана курулуш иштери жүрүп жаткандай түр көрсөтүшкөн. И.А. менен анын таанышы З.А. 7 миллион сомго мыйзамсыз ээ болуп, өз муктаждыктарына коротушкан. Анын кесепетинен мамлекетке 7 миллион сом зыян келтирилген.

Ушул айдын ортусунда И.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттун чечими менен ал 2 айга камалды. Анын шериги З.А. учурда чет өлкөдө жашынып жүрөт. Тергөө амалдары уланууда.