Ысык-Көлдөгү Каракол шаарындагы базардан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, базардагы азык-түлүк саткан аянты 90 чарчы метр болгон 3 контейнер күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, өрт саат 05:36да чектөөгө алынып, 06:53тө толук өчүрүлдү. Кырсыктын себеби такталууда.