Караколдогу «Актилек» базарында өрт чыкты

Бүгүн, 2-июль күнү саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы «Актилек+» базарында контейнер күйүп жатканы тууралуу 101 өрт-куткаруу кызматына кабарланган.
Кырсык катталган жерге Каракол шаардык N15 Өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 бөлүм тартылды. Өрт саат 7:55те чектөөгө алынып, азыркы учурда жеринде өчүрүү иштери жүрүүдө. Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ал эми контейнердин ичинде кийим-кече товарлары болгон. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда. Толук маалымат тактоо иштеринин жыйынтыгы менен берилет.