Караколдогу баасы 700 миллион сомдон ашкан «Ак-Тилек» базары мамлекетке өттү

УКМК тарабынан Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги тарабынан финансылык-экономикалык ишмердүүлүктө бир топ мыйзам бузуулар жана өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык аракеттери аныкталды.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында УКМК тарабынан «Ак-Тилек» соода-базар комплексинин жетекчилигинин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар табылды. Жыйынтыгында, «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги өз ыктыяры менен аянты 29 119,6 чарчы метр болгон, баасы 700 миллион сомдон ашкан «Ак-Тилек» базарын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди. Учурда тергөө иштери уланууда.